Бишкекте суу берүү толугу менен калыбына келтирилди

Бишкекте суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Мэриядан ишендиришкендей, «Бишкексууканалдын» командасы «Көк-Жар» суу алгычында эки күнгө пландалган чоң көлөмдөгү иштерди бир күндө аягына чыгарды.

 

Резервуарлар дезинфекцияланып, шаардык суу түтүктөрүндө керектүү оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат, — деп айтылат маалыматта.