Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо уланууда

Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз жүрүп, акырындык менен борбордук көчөлөрдөгү бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат.

 

Белгилеп кетсек, уруксат берилбеген жайларга машине токтоткондор эвакуатордун кызматына 1 миң 250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1 миң сом төлөшү керек.