Венеция бир күндүк саякатчылардан 5 евро төлөм алууну пландаштырууда

Келаткан жылдан тарта Венеция дем алыш күндөрү шаарга келген бир күндүк саякатчылардан 5 евро төлөм алууну пландаштырууда. Мындай талап 14 жаштан жогоркуларга тиешелүү болот.

 

Бул чара жаңы туристтик салык эмес, тескерисинче, дүйнөдө эл көп келген жердин биринде калкты көзөмөлдөө боюнча биринчи эксперимент, деп түшүндүрдү шаар мэри Луиджи Бруньяро.

 

Негизги максат — жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу жана туристтердин көп чогулуусуна жол бербөө экени белгиленди.