Бишкекте жаңы автобекет ачылды. Мэриянын маалыматына караганда, ал айланма жол менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
Вокзалда элди аймактарга ташыган кичи автобустар бар.
Кошумчалай кетсек, №211, 123, 104 жана 285-маршруттук каттамдар шаардан автобекетке чейин каттайт.