Бишкекте жаңы темир-бетонндук ирригациялык лотокторду орнотуу иштери уланууда

Бишкекте жаңы темир-бетонндук ирригациялык лотокторду орнотуу иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, учурда жумуштар Ауэзов, Алтымышев жана Ахунбаев көчөлөрүндө жүрүп жатат.

 

Андан тышкары, “Бишкек жашыл чарбанын” кызматкерлери арыктарды таштандыдан тазалоодо.

 

Муниципалитет шаар тургундарын жана конокторун магистралдык каналдарды жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбай, жыйнап-тазалаган кызматкерлердин эмгегин сыйлоого чакырат.