Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравияга барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Сауд Аравия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

«Сапардын алкагында мамлекет башчысы Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам Саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда», — деди Муратбек Азымбакиев.