Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы сквер пайда болот. Мэриядан бизге билдиришкендей, жашыл аймак алдына Ашар жана Арабаев көчөлөр кесилишинде 2 гектар жер тилкеси бөлүндү.
Анда тротуарлар, вело жолчолор, отургучтар, балдар аянтчасы жана спорт аянттары каралган. Белгилеп кетсек, жыл аягына чейин ордо калаанын Ленин районунда жалпысынан 3 сквердин курулушу пландалды.