Бишкектин батыш тарабын көрктөндүрүүгө Кытай каражат бөлүп берди

Бишкектин батыш тарабын көрктөндүрүүгө Кытай каражат бөлүп берди. Мэрия маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын жыйынтыгында Бишкек шаарына каражат бөлүү макулдашылган.

 

Ордо калаанын батыш тарабындагы кире беришин көрктөндүрүү үчүн 600 миң юань же дээрлик 8 миллион сом бөлүндү.

 

Бул суммага сквер курулуп, Дэн Сяопин проспектисинин Алыкуловдон Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү жашылдандырылат.