Бишкектин бардык мектептеринде жана Сокулук районундагы үч билим берүү мекемесинде эртең жана бүрсүгүнү класстык сааттар кыскартылат. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, сабактын узактыгы 35 мүнөт болот.
Эске салсак, 16-17-ноябрда Бишкекте КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтөт.
Ордо калаанын борбордук көчөлөрүндө жана аэропортко барчу жолдо кыймылга чектөөлөр киргизилет.