12 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштурулду

Ушул жылдын тогуз айында 12 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орноштурулду. Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен 300гө жакын кыргызстандык 20 миллион рублдан ашык төлөнбөй жүргөн эмгек акы алышкан.

 

Миграция мыйзамдары боюнча дагы 6 миң кишиге кеңеш берилди.

 

Эмгек министрлиги ошондой эле коомчулук өкүлдөрү институту түзүлгөнүн белгилейт. Алар мигранттардын укуктарын коргоого көмөктөшөт. Учурда мекеменин Германия, Украина жана Россияда 96 коомдук өкүлү бар.