Бишкектин үч миңден ашык абоненти карыздын айынан электр жарыгысыз калышы мүмкүн. Ордо калаанын электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, өчүрүү эртең жүргүзүлөт.
Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн абоненттерге карызды бүгүн төлөө сунушталат. Ал үчүн төлөм терминалдарын жана электрондук капчыктарды колдонсо болот.