“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу мөөнөтү кайрадан жылдырылды.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, аткаруучу компания менен келишим кийинки жылдын 10-мартына чейин жылдырылды.
Бул анын долбоорду өз убагында баштай албай калганы себеп. Экинчи этаптын алкагында камералар 2020-жылдын ноябрь айында эле орнотулмак, бирок жабдууларды жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралгандыктан, компания мөөнөттү жылдырууну суранган.
Анда ушул жылдын 18-июнуна чейин убакыт берилген болчу. Эске салсак, долбоордун экинчи фазасында республика толугу менен камералар менен камсыздалат.