Бишкектин жаңы конуштарын газдаштыруу уланууда

Бишкектин жаңы конуштарын газдаштыруу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Октябрь районунун башчысынын орун басары Айбек Алыйманов шаардын түштүк аймагындагы жаңы конуштардагы үйлөрдүн газга кошулуусун текшерди.

 

Жогорку Көк-Жар конушундагы долбоор 207 үйдү камтыйт. 7-Апрель көчөсү аркылуу жер алдынан газ түтүгүн тартуу иштери аяктады. Учурда газ түтүктөрүнө түркүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, № 6 МАБ «Империал» ЖЧКсы, «Вектор Союз» ЖЧКсы, «Азия Строй Логистикс» ЖЧКсы жана «Орион Строй» ЖЧКлары менен биргеликте газга туташуу боюнча тургундардан арыздарды кабыл алууда.

Өз кезегинде, кызматкерлер арыз боюнча барып, өлчөөлөрдү алып, газга кошуу үчүн сметаны түзөт.