Бул жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 353,5 миллиард сомго жетсе, чыгаша 365 миллиард 56 миллион сомго жетиши мүмкүн

Бул жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 353,5 миллиард сомго жетсе, чыгаша 365 миллиард 56 миллион сомго жетиши мүмкүн. Муну менен мамлекеттик казынанын дефицити 12 миллиард 54 миллион сомду түзөт.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Азаттык эске салгандай, 2021-жылы өкмөт 3 жылдын ичинде өлкө бюджети 8,6 миллиард профицитке чыгат деп жарыялаган болчу. Акыркы жолу казына 2008-жылы профицит менен жабылган.

 

Анда киреше чыгашадан 1,5 миллиард сомго көп болгон. Андан бери чыгаша дайым кирешеден ашып келет.