Кийинки жылы КМШ өлкөлөрүнүн нотариустары электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү пландап жатат

Кийинки жылы КМШ өлкөлөрүнүн нотариустары электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү пландап жатат. Бул маалымкаттарды жана расмий кагаздарды алууну кыйла жөнөкөйлөштүрөт, — деп билдирет МИР-24.

 

Белоруссиянын нотариалдык палатасынын төрайымы Наталья Борисенко билдиргендей, санариптик арыздар, мурас кагаздары, күбөлүктөрдү КМШнын башка мамлекетинде туруп алса болот. Бул үчүн ишендирилген үчүнчү жактар каттоодон өтөт.