Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында 1 миң 243 электр тирөөч курулат.
“Кыргызстан улуттук электр тармактарынан” билдиришкендей, учурда курулуш үчүн жолдор салынып, 969 тирөөч орнотулду.
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өтүүчү 500 киловаттык электр кубатын ташый турган чубалгылардын узундугу 456 чакырымды түзөт.
Долбоорго ылайык, ал зымдар Кемин районунун аймагындагы “Датка” көмөк чордонунан баштап Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин жеткирилет.
CASA-1000 — Кыргызстан жана Тажикстандын электр кубатын Афганистан менен Пакистанга сатууга багытталган.