Чүй: эки айдан бери суусу жок отурган айылдарга таза суу бериле баштады

Чүйдүн Сокулук районунун эки айдан бери таза суусу жок жашап жаткан айылдарына суу бериле баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, суу график менен берилип жатат.

 

Бишкектин ушундай эле көйгөйгө туш болгон Арча-Бешик конушунун да маселеси өткөн аптада чечилген. Алар суусу жок болуп жатканына нааразылыгын билдирип, жол торогонго чейин барышкан.