Казакстанда блогерлер салык төлөөгө милдеттендирилди

Казакстанда блогерлер салык төлөөгө милдеттендирилди. Тиешелүү документке аталган өлкөнүн президенти кол койду.

 

Мыйзам быйыл сентябрь айында күчүнө кирет. Ага ылайык, социалдык тармактардагы жарнама аркылуу каражат тапкандар кирешесинен салык төлөйт. Андан тышкары жалган маалымат тараткандарга административдик айып пул салынат. Ошондой эле инфлюенсерлер расмий эсеп-кысап жүргүзүү керек болот.