Кыргызстанда өткөн жылы орточо айлык 33 миң 258 сомду түздү

Кыргызстанда өткөн жылы орточо айлык 33 миң 258 сомду түздү.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 2022-жылга салыштырмалуу ишкана жана уюмдардын кызматкерлеринин номиналдык маянасы 20 пайызга, ал эми колуна алган айлыктын өлчөмү 8,6 пайызга өстү.

 

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө эң чоң маянаны каржылык ортомчулар алат – айына 62 миң сомдон жогору, маалымат жана байланыш тармагынын кызматкерлери 60 миңден, тоо-кен өндүрүү тармагында иштегендердин айлыгы 53 миң сомду түзөт.