Бийик тоолуу аймакта жашагандардын пенсияга чыгуу курагы жогорулайт

Бийик тоолуу аймакта жашагандардын пенсияга чыгуу курагы жогорулайт.

Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

“Бүгүнкү күндө эркектердики 55 жаш, ошону жылына бир жылдан кошуп, 58 жашка чейин жылдырабыз деп жатабыз.

Аял кишилердикин болсо 50 жаштан 53 жашка чейин жогорулаталы деп жатабыз”.

Андан тышкары, бийик тоолуу шартта жашаган үч балалуу аялдар мындан ары 45 жаштан эмес, 48 жаштан пенсияга чыга баштайт.

Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр парламенттин кароосунан кийин киргизилет.