Энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыргызстанда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Министрлер кабинети бир жумада энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер тилкелерин аныктоо жана бөлүп берүү укугун белгиленген тартипте Энергетика министрлигине берет.

 

Мындай чечим климаттык өзгөрүүлөр, суунун аз топтолушу, энергияны керектөө көбөйгөнүнө байланыштуу энергетикалык кризистен өлкөнү чыгаруу боюнча чараларды көрүү үчүн кабыл алынганы белгиленди.