Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Адамзаттын мугалими – Айтматов» аталышындагы китептин бет ачары болду

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Адамзаттын мугалими – Айтматов»

аталышындагы китептин бет ачары болду. Бул тууралуу аталган басылманын автору

Апилмажун Темиралиев билдирди. Анын айтымында, китеп 500 нускада жарык көрдү.

Ал бир томдон турат. Ичинде жазуучу тууралуу ыр, макала, аны менен жолуккан

адамдардын маектери жана түстүү сүрөттөр камтылган.

Китеп республика боюнча мектептерге жиберилиши пландалууда