Чоң-Алайдагы дээрлик 100 млн сомдук сугат каналы жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Чоң-Алай районундагы дээрлик 100 миллион сомдук сугат каналы жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарында билдирди.

“Шибээ-Жекенди каналына быйыл биз 100 миллион сомго жакын каражат бөлдүк.

Буюрса, 500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт, 460 гектардан ашык талаалардын суу менен камсыз болушу жакшырат.

Быйыл канал толук бүтүп, ишке берилет», — деп айтылат маалыматта.