1-август саат 11:00гө карата Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Алмаз” тойканасында уулангандардын саны 89 адамга жетти.
Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинде алгач жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 бала бар.
“Жабырлануучуларга биринчи медициналык жана дезинтоксикациялык терапия көрсөтүлгөн соң, алардын абалдары жакшырган.
Мындан тышкары, бейтаптардан анализдер алынып, текшерүүгө жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кадамжайда тойканада массалык уулануу катталганы, анда 58 адам жабыркап, анын ичинен алтоо ооруканага жаткырылгандыгы кабарланган.