Нигерияда карантиндин тартиптерин бузган 18 адам өлтүрүлдү

Нигерияда карантиндин тартибин бузган 18 адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, Нигериянын күч түзүмүнүн кызматкерлери карантиндик чараларды сактоо боюнча иш-аракетинде 18 адамды өлтүрүштү. Адам укуктары боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Тони Оджуквунун айтымында, коопсуздук күчтөрү тарабынан адамдардын укугу тебеленгени боюнча 24 штаттан 105 арыз келип түшкөн. Ал билдиргендей, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жарандарга ырайымсыз мамиле жасоо, мыйзамсыз кармоо, ошондой эле 18 кишинин өлүмүнө айыптап жатышат.

 

Ал эми күч түзүмдөрү чектөө чараларын көзөмөлдөп жатышкандарын билдиришүүдө. Ошондой эле бул кесипкөй жана эл аралык стандарттарга ылайык келерин айтышууда.