Евразиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанга бюджетти колдоого 160 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.
Каржы министринин орун басары Руслан Тативковдун айтымында, каражат насыя түрүндө 2 транш менен келет. Кредитти төлөө мөөнөтү – 20 жыл, анын 10у жылдык 1 пайыз менен жеңилдетилген мөөнөт болуп эсептелет.