Бишкектеги ири соода түйүндөрүндө көзөмөл-кассалык аппараттар текшерилүүдө.
Министрлер кабинетинен маалым болгондой, соода түйүндөрдүн басымдуу бөлүгү салык мыйзамын аткарбай, ККМди туура эмес колдонуп же такыр эле пайдаланбай жатышат.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон.
Ага ылайык, ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү каралган.
Документ көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатын көздөйт.