Европада келе жаткан кыш адаттан тыш жылуу болушу мүмкүн

Европада келе жаткан кыш адаттан тыш жылуу болушу мүмкүн.

Синоптиктер Түндүк, Балтика жана Жер Ортолук деңиздеринин жээк аймактарында абанын температурасы нормадан жогору болот деп эсептешет.

Улуу Британияда, Борбордук жана Түштүк Европада кыш 50-60 пайыз ыктымалдуулук менен жылуу болот.

Ошол эле маалда Германия менен Францияда жаан-чачын демейдегиден алда канча аз болот.

Жылуу кыш Европа өлкөлөрүндө газдын чыгымын азайтып, күйүүчү майдын запасын түгөнүп калуудан сактай турганы белгиленди.