Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө 28 млрд сом жумшады

Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 28 миллиард 850 миллион сомдон ашык жумшады.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, анын 19 миллиард 510 миллион сому тышкы карызды, 9 миллиард 340 миллион сомдон көбү ички карызды төлөөгө бөлүнгөн.

Өлкөнүн мамлекеттик карызы 30-сентябрга карата 5 миллиард доллардан ашты.

Анын ичинен дээрлик 80 пайызы мамлекеттик тышкы бересе болсо, 20 пайызы ички карыз.