Фейсбук корпорациясы кызматкерлерине дагы бир жыл аралыктан иштөөгө уруксат берди

Фейсбук корпорациясы кызматкерлерине дагы бир жыл аралыктан иштөөгө уруксат берди. Маалыматка ылайык, пандемия коркунучун эске алуу менен компания кызматкерлерге 2021-жылдын июль айына чейин үйдөн иштөө шартын түзүп, кошумча 1 миң доллардан төлөп турмай болду.

 

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин айтымында, корпорация пандемия аяктаган соң ишин кадимки режимде жанданткан акыркы мекеме болот.