Илимпоздор абанын аялдардын салмагына тийгизген таасирин айтышты

Мичиган университетинин окумуштуулары булганган аба аялдардын дене салмагынын индексине, салмагына, белдин айланасына жана дененин майына таасир этет деген жыйынтыкка келишти.

Изилдөөнүн автору Синь Ван изилдөөгө 40 жаштан 60 жашка чейинки дээрлик эки миңдей аял катышканын билдирди.

Эксперимент жети жыл бою жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында адистер кыздар канчалык булганган аба менен дем алган сайын ашыкча салмакка ээ болорун аныкташты.

Мындан тышкары, окумуштуулар булганган абада көп жүргөн аялдардын май кыртышынын салмагы болжол менен 5 пайызга көбөйүп, булчуңдардын көлөмү азайганын белгилешти.