Франциянын «ПСЖ» клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси «Барселонага» кайтышы мүмкүн

Франциянын «ПСЖ» клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси «Барселонага» кайтышы мүмкүн.

34 жаштагы футболчу “Барселонага” бир учурда техникалык катчы болгусу келерин билдирди.

Месси белгилегендей, “Барселона” анын эң жакшы көргөн клубу жана ал дүйнөдөгү эң мыктылардын

бири бойдон калышын каалайт. Эске салсак, 5-августта каталондук клуб Месси менен болгон

келишимди Ла Лиганын эрежелеринде жазылган каржылык тоскоолдуктардан улам узартпай

турганын жарыялаган. 10-августта чабуулчу «ПСЖ» клубу менен 2 жылдык келишимге кол

койгон. Месси андан бери франциялыктар үчүн 8 оюнга катышып, 3 гол киргизди.