Goal порталы Катарда өтүп жаткан чемпионаттын мыкты оюнчуларын атады

Goal порталы Катарда өтүп жаткан чемпионаттын мыкты оюнчуларын атады. Рейтингдин сап башында Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси жайгашты.

 

Турнирдин 5 беттешинде ал 4 гол киргизип, 2 ийгиликтүү пас берген. Экинчи орунда франциялык команданын фаворити Килиан Мбаппе турат. Ал 5 гол менен жана 1 пас менен өзгөчөлөндү. Мыктылардын үчилтигин дагы бир француз чабуулчусу Антуан Гризманн бекитет. Анын жеке эсебинде 3 голго жеткен пас бар.