Кыргызстан калкы көмүр менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалды. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Марат Орозбаевдин айтымында, бишкектиктердин керектөөсү 95 пайызга камтылды.
Аймактарда дагы запастар жетиштүү. Кара отундун баасы жеткирүү чыгымдарына жараша 4 миңден 6 миң сомго чейин жетет. Кара-Кече кенинде иштер тынымсыз жүрүп жатат. Учурда Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу – башкы пландардын бири, — деди Орозбаев.