Ош жана Нарын облустарында 7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн наристелердин ата-энелерине 200 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Ош жана Нарын облустарында 7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн наристелердин ата-энелерине 200 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнөн билдиришкендей, акча жана башка белектер Айжан Айтмаматова менен Чынарбек кызы Элнурага берилди.

 

Эске салсак, Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында  19-октябрда төрөлдү.