Кыргыз-тажик президенттери Нью-Йоркто жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-сессиясынын алкагында жолугушту.

Бул тууралуу кыргыз президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкө башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгын талкуулады.

 

“Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча пикир алмашты”, — деп айтылат билдирүүдө.

15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын» айткан жана «Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, кыргыз тарап тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө укуктук жактан доомат артса болорун» билдирген.

 

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылдын сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачылар болгон.