Японияда жаңы мөмө өстүрүлдү – лимондуу коон

Японияда жаңы мөмө өстүрүлдү – лимондуу коон. Анын орточо салмагы  2 килограммга жетет. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, жаңы мөмө өтө таттуу болгону менен бир аз кычкыл даамы бар.

 

Ошондуктан, аны лимондуу коон деп аташты. Анын ичи кадимки коондукундай ак, жумшак жана таттуу. Даамдап көргөндөрдүн айтымында, мөмө жайкысын сергитүүгө идеалдуу болот.