Германияда жөө жүрүү үчүн өлкөдөгү эң узун көпүрө ачылды.
Анын узундугу 665 метрди түзөт. Көпүрө өрөөндүн үстүнөн тартылып, 2 асканы бириктирет. Анын жанында лыжа менен секирүү үчүн дүйнө кубогу өтө турган трамплин жайгашкан. Кызыгы, көпүрөнү кошумча тиреп турган мамылар жана конструкциялар жок. Долбоорду ишке ашырууга 5 жыл талап кылынды.