Кыргызстанда интернет дүкөндөрдүн ээлери салык төлөөгө милдеттүү болот

Кыргызстанда интернет дүкөндөрдүн ээлери салык төлөөгө милдеттүү болот. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды.

 

Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишмердикке салыкты киргизүү Салык кодексинин беренесинде каралган. Бул тармактагы ишкердик системалуу түрдө жүргүзүлсө гана таанылат.

 

Жеке товарларды бир жолку сатуу ишкердик болуп саналбайт. Тагыраагы, алар жогорудагы мыйзамга баш ийбейт.