Коронавирус менен ооруп жаткан 12 бейтаптын абалы оор, бешөө реанимацияда

Бүгүн, 21-апрелге карата өлкөдө коронавирус боюнча абал, статистикалык көрсөткүчтөр айтылды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев сутка ичинде дагы 22 адамдан инфекция табылганын маалымдады. Муну менен ооруну жуктургандардын жалпы саны 590го жетти. Анын ичинен 216 бейтап оорудан айыгып үйлөрүнө чыгарылган. Коронавирустан каза болгондордун саны 7. Ушул тапта ооруканада коронавирус менен ооруган 367 адам дарыланып жатат.

 

«Анын ичинен 12 бейтаптын абалы оор, бешөө реанимацияда», — деди Үсөнбаев.