Эйнштейндин кол жазмалары Париждеги аукциондо 11 миллион еврого сатылды

Эйнштейндин кол жазмалары Париждеги аукциондо 11 миллион еврого сатылды. Бул Францяидагы эң кымбат сатылган кол жазма. Reuters жазгандай, 54 барактан турган материал окумуштуу физиктин жакын досу жана илимий өнөктөшү, швейцариялык физик Мишель Бессодо болгон.

 

Эксперттердин айтымында, Эйнштейн 1919-жылга чейин аз жазгандыктан, бул мезгилге таандык иш кагаздары өтө сейрек кездешет. Аны ким сатып алганы белгисиз.