Экономика министрлиги кумарканалардын салыгын азайтууну сунуштады

Экономика жана коммерция министри кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу боюнча токтомдун долбоорун 24-мартта коомдук талкууга койду. Ага ылайык,

бааларды төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталды:

Кумарканадагы бир оюн столу (флот) үчүн:

  • 2023-жылы – 450 000 сом; (азыркы талап боюнча 1 млн. сом)
  • 2024-жылдан тартып – 600 000 сом; ( азыр 1 млн. 250 миң сом)

Оюн автоматтар жана компьютердик симулятор залдарында бир оюн автоматы үчүн:

 

  • 2023-жылы – 10 миң сом; (азыр 75 миң сом)
  • 2024-жылдан тартып — 15 миң сом; (азыр 100 миң сом)

Министрлик мындай өзгөрүү инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүрүп жатканын, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык ставка иштелип чыкканын билдирди.

 

Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген «Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарына президент Садыр Жапаров былтыр 30-июнда кол койгон.

 

Түшүндүрмөдө мыйзам инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү үчүн жазылганы айтылат.

Кумарканаларды балдар бакчасынын, мектептердин, университеттердин, окуу, маданий, медициналык жана диний мекемелердин, ошондой эле турак жай имараттарында ачууга болбойт. Оюн-зоок жайларына кыргызстандыктар, 21 жашка чыга элек чет элдик жарандар, ишке жараксыз чет элдиктер кардар катары кире албайт.

Бул мыйзамдын кабыл алышына каршы болгондор жер-жерлерде акцияга чогулуп, бийликке кайрылуу жолдошкон.