Кыргызстанда жыл аягына чейин 204 мектептин курулушу пландалууда

Кыргызстанда жыл аягына чейин 204 мектептин курулушу пландалууда.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады. Анын айтымында, 2023-жылы ошондой эле 49 бала бакчанын, 18 оорукананын жана    30 маданий объектилеринин курулушу жыйынтыкталат.

 

Бул максатта бийлик    9 миллиард сом багытто ниетинде. Андан тышкары, Унаа жана жолдор министрлигине атайын техника сатып алууга 5 миллиард сом бөлүнөт, — деди Жапаров.