Экономика министрлиги салыктар жөнүндө милдеттүү электрондук отчетторду киргизүү мөөнөтүн кийинки жылдын 1-апрелине чейин жылдырууну сунуштап жатат

Экономика министрлиги салыктар жөнүндө милдеттүү электрондук отчетторду киргизүү мөөнөтүн кийинки жылдын 1-апрелине чейин жылдырууну сунуштап жатат. Кеп уюмдар жана жеке ишкерлер тууралуу болуп жатат.

 

Муну менен ведомство пандемия учурунда бизнеске колдоо көрсөтүү ниетинде. Документ коомдук талкууга чыгарылды. Эске салсак, буга чейин электрондук отчетторду 1-январдан тарта киргизүү пландалган.