Бишкек – Ош унаа жолунда чуңкурларды бүтөө иштери жүрүп жатат.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, иштер тилкенин
61-103-чакырым аралыгында аткарылууда. Төө-Ашууда фрезердик агрегаттын тобу турат.
Асфальттын үстүнкү катмарын алуу иштери жакында башталат. Ошондой эле
тилкенин жээктери бекемделет жана белгилер чийилип, жол белгилери орнотулат.