Эрлан Шеров Парижде өтүп жаткан дзюдо боюнча эл аралык турниринде коло медалга ээ болду

Эрлан Шеров Парижде өтүп жаткан дзюдо боюнча эл аралык турниринде коло медалга ээ болду. Ал беларустук менен монголиялык атаандаштарын эки кармашта жеңип, чейрек финалда Азербайжандан барган спортчуга утулуп калды.

 

Каршылашы финалга чыккандыктан кийинки кармашка катышканга мүмкүнчүлүк алган. Бельгиялык балбанды жеңип, коло медаль үчүн таймашта Бразилиядан келген балбанга жеңилүү ызасын тарттырган.