Нарында компьютердик томография иштеп баштады

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында компьютердик томография иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Диагностикалык аппараттын жардамы менен мындан ары Нарын облусунун тургундары Бишкекке убара болуп келип отурбай, баш сөөк, мээ, өпкө жана башка бардык органдарын томографиядан өткөрө алышат.

 

Монополияга каршы мамлекеттик кызматтын буйругу менен бекитилген прейскурантка ылайык, бир органды томографиядан өткөрүү баасы оорунун татаалдыгына жараша 2663-2983 сомго чейин болот.

 

Буга чейин 13-январда Талас облусундагы бириктирилген ооруканада да компьютердик томография иштеп баштаган.

2022-жылы COVID-19 вирусу менен күрөшүү боюнча программанын алкагында аймактарга беш томографиялык жабдуу алынды. Буга чейин Кыргызстанда компьютердик томография Бишкек, Ош шаарларда гана болуп келген.

 

Министрликтин маалыматына караганда, ар бир компьютердик томографиянын баасы 28 миллион сомдун тегерегинде.

 

Аймактарда томографиялык жабдуу жоктугу 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөп турганда курч маселеге айланган.

Дартты аныктоодо айрым облустарда рентген жабдуулары да иштебей, бейтаптар убара тартышкан.