Кадамжайда массалык уулануу катталды

Кадамжайда массалык уулануу катталды.

Бул тууралуу Cаламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 58 адам жабыркап, анын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган (4 аял жана 2 бала).

Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн.

Белгиленгендей, алгачкы жабырлануучулар 31-июлда саат 18:30дарда Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү симптомдору менен кайрылышкан (48 адам).

Тактоо учурунда жабырлануучулар этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун белгилешкен.

«Лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө.

Кафеге санитардык-эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда», — деп айтылат маалыматта.