Ош шаарында тротуарларды оңдоо иштери уланууда

Ош шаарында тротуарларды оңдоо иштери уланууда.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош кичирайонунда тротуарларды реконструкциялоо, жолдун кириш, чыгыш бөлүктөрүн асфальттоо иштери жүргүзүлдү.

Бул участокто 3 миң 500 м2 аянт асфальтталган.