Кыргызстанда капиталы 100 млн доллар болгон ишкана түзүлдү

Кыргызстанда капиталы 100 миллион долларлык “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Кабыл алынган чечимге ылайык, анын тең негиздөөчүсү Экономика жана соода министрлиги болду.

 

Ачык акционердик коом Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүүнү орнотуу, ошондой эле кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо максатында түзүлдү.